Райкан Төлөгөновдун сотунда күбө кыйноо жолу менен андан көрсөтмө алышканын айтты

Бүгүн, 2-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Райкан Төлөгөновдун сотунда күбөлөр көрсөтмө берип жатат.

Күбө Нурдин Султанмамытов 2010-жылы 8-апрелде Жаныш Бакиевдин кеңсесине баргандарын айтып берди. Ал Райкан Төлөгөнов менен сөз болгон эмес экенин айтты. "6-апрелде Абдулла Юсупов менен Жалал-Абад облусунан келгенбиз. Юсупов "тааныштарым көп, жакшы жумуштарга отурабыз" деп айткан. Юсупов менен Дастан Оморов аркылуу таанышкам. Оморов "Жаныш Бакиевдин кеңсеси бизге таандык болот" деп билдирген. Биз үйгө кетип калганда Азамат Шергазиев калган", - деди күбө Султанмамытов.

Мындан тышкары ал мурда 2013-жылы Москвадан каракчылыкка, 2 адамды өлтүрүү боюнча шектелип кармалганда УКМК тарабынан кыйноо жолу менен Юсуповдун көрсөтмөсүнө кол койгонун белгиледи. Аны камактан чыгарууну убадалашканын кошумчалады.

Буга чейинки сот отурумунда камактагы Юсупов Бакиевдердин мүлктөрүн мамлекетке өткөрүү тапшырмасы Төлөгөнов тарабынан берилгенин билдирген. "Биз бардык мүлктөрдү, документтерди атайын унааларга жүктөп жиберип турганбыз. Бирок биздин колубуз менен мародёрчулук болуп жатканын билген эмеспиз", - деп көрсөтмө берген Юсупов.

Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо" "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан