"10-июнда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн Темирлан Алиевдин кылмыш ишине бут тосуулар болуп жатат". Бул тууралуу бүгүн, 2-августтагы маалымат жыйында маркумдун апасы Кенжегүл Усубалиева билдирди.
Анын билдиришинче, окуяга чейин уулун бычак такап коркутуп кетишкен. Анын моюнунда бычактын издери түшүп жүргөнүн, ага кимдир бирөөлөр телефон чалып коркутуп жүрүшкөнүн достору айтышкан.
Ошондой эле ал баласынын өлүмү тууралуу табышмактуу жагдайлар көп болуп милиция тарабынан жакшы иликтенилбей атайын создуктурулуп жатканын айтты.
"Окуя болгон күнү шектелип бир бала кармалган, кийин аны Темирландын өлүмүнө тиешеси жок экен деп коё беришиптир. Андан бери 2 айга жакын убакыт өтсө да эч кандай жылыш жок, жадакалса экспертизанын жыйынтыгы да чыга элек. Баламдын досторунун унаасы Темирланды атып кетишкен курулуштун аймагына окуя болгон учурда белгисиз унаа менен чогуу барганы видеого түшүп калган. Бирок алар биз жок элек деп танып жатышат. Ошол жерде уулумду өлтүрүлгөн маалда күзөтчү болуп иштеген эки бала да жумуштан чыгып кетишиптир. Азыр кайсы жакта экени белгисиз. Ушулардын баарын тыкыр изилдешкенде кылмышкер тез эле табылмак", - дейт ал.
Андан сырткары Кенжегүл Усубалиева жергиликтүү укук коргоо органдарына болгон ишеничи жоктугун, акыйкатты президент Алмазбек Атамбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаевадан табам деп атайын Бишкекке келгенин айтат.