Мурдагы депутат Райкан Төлөгөновдун соттук отуруму эртең, 3-августта саат 14:00дө улантылат.
Бүгүн соттук отурумда Улан Шамкеев, камакта отурган Нурдин Султанмамытов күбө катары көрсөтмө берди. 2010-жылы 7-апрелде атасынын үйү тонолгон Шамкеев Райкан Төлөгөновду тааныбай турганын айтты. Ошол учурда үй ижарага берилгенин билдирди. Чыгымдар болбогонун кошумчалап, терезе жана эшик талкаланганын белгиледи. Ал ошол мезгилде чет өлкөдө болгонун айтты.
Ал эми Нурдин Султанмамытов 2010-жылы 8-апрелде Жаныш Бакиевдин кеңсесине барганы Райкан Төлөгөнов тарабынан тапшырма болбогонун билдирди.
Мындан тышкары Райкан Төлөгөновдун талап-тоноого тийиштиги бар деп шектелип камакта отурган уулу Муса Төлөгөнов ооруп соттук отурумга күбө катары алып келинген жок.