Түркиянын Самсун шаарында 18-30-июль аралыгында өткөн XXIII жайкы сурдлимпиадалык оюндарында медаль жеңген спортчулар акчалай сыйлыкка ээ болушат. Бул тууралуу бүгүн, 2-август күнү пресс-конференцияда жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.
Анын айтымында, жалпы Кыргыз өлкөсүнөн сурдлимпиадалык оюндарына 10 спортчу катышып, алардын ичинен 4 спортчу коло медалдарын тагынышкан.
"4 кыргыз спортчу, алар Габит Айдарбеков грек-рим күрөшү боюнча, Миляс Марков эркин күрөш боюнча, Ильгиз Каналбек уулу дзюдо боюнча жана Азамат Мавлонов таэквондо боюнча коло медалдарын тагынышты. Спортчуларга, машыктыруучуларга жана дарыгерге ыраазычылык билдирем. Кошумчалай кетсем, сурдлимпиадалык оюндар 4 жылда бир өткөрүлөт, ал Олимпиада жана Паралимпиада сыяктуу дүйнөдөгү чоң деңгээлдеги мелдештердин бири. Өкмөттүн буйругу менен 4 жылда бир өткөрүлгөн эң маанилүү мелдештерде байге орунга ээ болгон спортчулар жана алардын машыктыруучулары өкмөт тарабынан акчалай сыйлыкка ээ болушат. 1-орун алган спортчуларга 100 миң сом каралган, 2-орун алгандарга 75 миң сом жана 3-орун алган спортчуларга 50 миң сом берилет", - деп айтты Канатбек Арпачиев.
Дзюдо боюнча коло медалын жеңген Кыргыз спортчусу Ильгиз Каналбек уулу сурдлимпиадалык оюндарына катышканы тууралуу айтып берди:
"Мен 100 килограммдан жогору салмакка чыккам, алгачкы беттеште олимпиаданын жана Европанын чемпиону украиналык спортчуга туш келип аны жеңдим. Жарым финалда Орусия спортчусу менен күрөшүп, буга чейин алган жаракатым ачылып кеткен соң жеңилип калдым. Коло медаль үчүн алжирлик дзюдочу менен күрөштүм, бардык аракетимди жумшап жеңишке жеттим".