Таксистти 19 жолу бычак сайып өлтүрүүгө шектелип 2 адам кармалганын Чүй ОИИБинен билдиришти. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун айтымында, кармалгандар таксисттин унаасы менен кийин жүргүнчү да ташып жүрүшкөн. Ал эми маркумдун мурда милиция кызматкери болгону айтылууда.
Маалым болгондой, 1-августта түнкү саат 03:30 чамаларында Бишкек-Ош унаа жолунан Чүй облустук Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны башкарып бара жаткан адам милиция кызматкерлерине орой сүйлөп, каршылык көрсөткөн. Милиция кызматкерлери унааны текшерүүгө алганда унаанын ичинен бычак жана медициналык кол кап табылган. Унаа айып аянтчасына токтотулуп, өзү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип суракка алган учурда ал таксистти өлтүргөнүн моюнуна алган.
"Таксистти өлтүрдүм" деп кармалган 23 жаштагы адам өз сөзүндө 31-июлдан 1-августка караган түнү 29 жаштагы таанышы менен Бишкек шаарынан таксистти токтотуп түштүк магистраль тарапка айдатышкан. Бирок шектүү алдын ала даярданып таксисттин моюнуна жана ичине бычак сайып, телефонун, унаасын тартып алышкан.
Качып кетүү максатында аны Кой-Таш айылы тарапка алып барып сууга ыргытып, сууга агып кетти деген ойдо кетип калышкан. Каза болгон адамдын жансыз денеси сууга жетпей эле жарга барып такалып туруп калган экен. Андан кийин анын унаасы менен "Манас" аэропортуна 3 жүргүнчү алып барып кайрылып келе жатканда колго түшүшкөн. Өлтүргөн адам Өзбекстандын жараны болуп чыкса, анын жанындагы адам Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыкты. Экөө тең курулуш тармагында жөнөкөй жумушчу болуп иштешчү экен", - деди Токтосунов.
Каза болгон жаран ИИМдин академиясынан билим алып, Биринчи Май РИИБинде иштеген. 2011-жылы өз каалоосу менен жумуштан бошотулуп, жеке иштери менен алек болуп жүргөнү айтылды.
Кармалгандарга карата "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.