Чаткалда бир жарым ай мурун дарыяга агып кеткен 37 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Чаткал дарыясына агып кеткен 37 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-июль күнү саат 15:30 чамасында Чаткал районунун Ак-Таш айылынын Исфара участкасындагы агып өткөн Чаткал дарыясынын ортосундагы аралчанын батыш тарабынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.

Кийин белгилүү болгондой, ал 19-июнь күнү саат 01:00дөр чамасында Чаткал дарыясына агып кеткен Аксы районунун Ак-Жол айылынын тургуну экендиги такталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
novayariga
2017-08-03 01:05:42
Ким экен Ак-Жолдук?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан