МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! "Кеңеш" тобунун жетекчиси "Мага арман" аталышындагы ырынын клиби 2 күндө тартылганын айтты

Бүгүн, 2-августта SUPER.KG`нин "Медиа-портал" бөлүмүнө "Кеңеш" тобунун "Мага арман" аталышындагы ырынын клиби кошулду. Клип тууралуу топтун негиздөөчүсү Мүзүр Мамбетов буларды айтты:

"Бул ырдын сөзү Ташкент кызы Гүлгө, обону мага таандык. Клип 2 күндүн ичинде тартылып бүтүп, 1 жумада монтаждалды. Режиссёру Мырза Айдаралиев. Тартуу иштеринин көпчүлүк бөлүгү өзүбүз жашаган үйдө жана борбордун ар кайсы жерлеринде жүрдү. Ал эми клиптин идеясын, сценарийин, жадакалса каармандарына чейин режиссёр өзү тапкандыктан, биз эч нерсеге кийлигишкен жокпуз. Ал гана эмес тартуу иштери кантип башталып, кантип бүтүп калганын байкабай калдык", - дейт негиздөөчү.

"Кеңеш" тобунун "Мага арман" ырынын клибин көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tyty1990
2017-08-02 19:50:00
Окшош клиптер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан