Белгилүү ырчы, өзүн кино жаатында актёр, режиссёр катары сынап жүргөн Съездбек Искеналиев бүгүн туулган күнүн белгилеп жатат. Ал 1980-жылы 2-августта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында туулган.
Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыл кыяк бөлүмүн бүтүргөн. Бирок эмнегедир музыкалык аспапка көңүлү тартпай, эстрада ырчысы болууну кыялдана берчү. Кийин ошол тилегине жетип, чоң сахнанын босогосун “Селки” ыры менен аттаган.
Ырчылыктан тышкары тасмаларга катышып, режиссёрлук жаатында да иштеп келет. Кино тармагында алгач "Боз салкын" тасмасындагы Мураттын ролун аткарган. Андан соң “Карт бойдок”, “5000 сом” тасмаларына тартылган. Соңку кездерде “Мына минтип” деген аталыштагы ыры менен популярдуулугу артууда. Ырчы менен жубайынын өздүк майрамы бир күндө болгондуктан, учурда жубайлар кош майрамды белгилөө үчүн үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдө жүрүшөт.
2-августтун жылнаамасы.