Испаниялык "Барселона" футболдук клубунун жылдызы Неймар команданы таштап кетүү чечимин кабыл алганын айтты. Бул тууралуу "Барселона" футболдук клубунун расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, бразилиялык футболчу Неймар машыгууларга катышпай, клубдун жетекчилиги менен командадан кетүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. "Барселонанын" жетекчилиги оюнчунун сатып алуу укуктары толугу менен төлөнмөйүнчө башка клубга өтө албаганы тууралуу эскертти. Учурда Неймар клубдун курамасынан чыга элек, бирок машыгуулардан убактылуу бошотулду.
Эске салсак, буга чейин "ПСЖ" клубу Неймарды өзүнүн катарына чакырып, 222 миллион еврого сатып алууга даяр экенин билдирген. Эгер ал сунуш ишке ашса, Неймардын 1 жылдык айлыгы 30 миллион евродон ашык сумманы түзөт.