Бүгүн эртең менен Ош облусунда жер силкинди

Бүгүн эртең менен Ош облусунда жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн таңкы саат 06:15 чамасында катталган. Анын күчү очогунда 4,5 баллга жеткен. Ал эми Алай районунун Нура айылында 4 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
aibi8984
2017-08-03 09:33:40
кудай сактай кор
+1
mirlan_86
2017-08-03 10:05:12
эртен менен деген соз жок. Эрте менен деп жазылат
+1
Алина Айдарбекова
2017-08-03 10:59:19
mirlan_86, саламатсызбы? Эрте менен деп түштүк диалектинин оозеки речинде колдонулса колдонулгандыр, бирок адабий тилдин нормасына ылайык эртең менен деп эле жазабыз, оозеки речте да эртең менен деп колдонушубуз керек.
+1
mirlan_86
2017-08-03 11:55:20
Алина Айдарбекова, анда бир суйлом тузуп корунузчу эртеге эрте менен боло турган нерсеге
-3
nazira...
2017-08-03 13:07:34
mirlan_86,Алина туура эле айтып атат "эртең менен" деп жазылат.
+2
ZHYRGAl1412
2017-08-03 13:21:29
mirlan_86,акылдуу болбо туурале жазылып турат
-1
surgeon777
2017-08-03 20:15:46
mirlan_86,силерде туштук жергесинде "эрте менен" деп айтылат,кыргыз тили дана адабиятында "эртен менен" деп айтылат,жана да "эртен" дегенди "эртеге" деп суйлойсунор,на узбекский лад кылып..
-3
Vacant
2017-08-04 13:10:52
mirlan_86,
Эртен менен эрте келиниз деп суйлом тузсок болот. Бул кийинки куну тушко чейинки убакты билдирет. Адабий тилде эртеге, эрте менен деген создорду жолуктурбайсын. Китепти коп окугандар билишет.
-1
mirlan_86
2017-08-03 14:49:49
Келер чак менен жазылып турат конул буруп окуусанар
+1
Miru
2017-08-03 15:06:48
Мирлан туура айтат эрте менен деп жазылат и айтылат. Бул жерде эч кандай диалектин тиешеси жок.
0
aman0296
2017-08-03 15:17:00
Эрте менен деген соз жок!
-1
mirlan_86
2017-08-03 15:40:59
aman0296, Мектепте окуугансынбы?
+2
Алина Айдарбекова
2017-08-03 15:59:10
mirlan_86, кечиресиз, сизге Кусейин Карасаевдин «Кыргыз тилинин орфографиялык сѳздүгү» деген эмгегин сунуштайм. Ошол жерде кайсы сөз кандай жазылат, баарын табасыз. Китепти бардык китепканалардан тапсаңыз болот.

+1
mirkaa5182
2017-08-03 22:40:56
Эртең менен болгондо, эртеңки күн айтылып атпайбы, менимче эрте менен деп жазылат.
0
mirkaa5182
2017-08-03 22:41:43
Биринчи угушум эртең менен сөздү...
0
zhumali
2017-08-04 01:44:42
86 туура айтып жатат эрте деп
Мисал үчүн жүгөрү эрте бышты болуп айтылат эртең деп айтылбайт
Тартыша бербей сүйлөм түзүп көргүлө
0
Vacant
2017-08-04 13:17:16
zhumali,
Эрте анан эртен менен деген эки башка соз жана эки башка маани берет. Бул создорду колдонуунун ордулары бар жана биринин ордуна бирин алмаштырып колдоно албайсын. Филалогдор бар болсо кененирээк тушундуруп койгулачы бул жакка.
0
zhumali
2017-08-04 01:46:53
Анан жер силкинди дебей титтиреди болуп айтылат не силкингидей алма терип жатасыңарыбы силкитип
-1
Maika
2017-08-04 11:10:20
zhumali, кыргыз тилинде силкинди деген сөз колдонулуп келет. Булкунду дебесе болду да)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан