Балыкчы-Чолпон-Ата жолундагы кырсыктан үч адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 2-август күнү саат 09:25 чамасында аталган унаа жолдун 40-чакырымында болгон. Анда Тойота Ист үлгүсүндөгү унаа менен Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен үч адам каза болуп, 4 адам ооруканага жаткырылган.
Жол кырсыгынан улам каза болгондор:
1. Гүлзарбүбү Именова, 1969-жылы туулган; (Тойота Исттин жүргүнчүсү)
2. Гүзалбанын Маметакиев, 2005-жылы туулган; (Тойота Исттин жүргүнчүсү)
3. Калбүбү Гайназарова, 1927-жылы туулган. (Хонда Стримдин жүргүнчүсү)
Жол кырсыгынан жабыркап, ооруканага жаткырылгандар:
1. Талгат Маметакиев, 1962-жылы туулган; (Тойота Исттин айдоочусу)
2. Амина Маметакиева, 2005-жылы туулган; (Тойота Исттин жүргүнчүсү)
3. Гүлдастан Гайназарова, 1970-жылы туулган; (Хонда Стримдин жүргүнчүсү)
4. Гүлзада Сариева, 1998-жылы туулган. (Хонда Стримдин жүргүнчүсү)