Америкалык актёр жана саясатчы Арнольд Шварценеггер 30-июлда 70 жашка толуп, өздүк майрамын жакындарынын курчоосунда гавайи стилинде өткөргөн. Аны куттуктап америкалык белгилүү актёрлор Сильвестр Сталлоне, Том Арнольд, Кевин Костнер жана башкалар келишкен.
Кечээ, 2-августта Шварценеггер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына туулган күнүндө тартылган видеону жүктөп, окурмандарына жакшы маанай тартуулады. Анда белгилүү актёрлор гавайиликтердин хулу бийин үйрөнүп жатышканын көрүүгө болот. Видеону 1 күндүн ичинде 2 миллиондон ашуун окурман көрүп, алардын көбү жакшы каалоо-тилектери менен позитивдүү ойлорун калтырышкан.