Журналист Карачач Шакировага жана тергөөчүгө кызча кийинген балдар кол салышканын бүгүн, 3-августта SUPER.KG`ге журналист өзү билдирди.
Анын айтуусуна караганда, окуя Патрулдук милиция кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөн рейд учурунда болгон.
"Кечээ, 2-августта таңкы саат 5:00дөр чамасында Бишкек шаарынын тургундары коңшулары тынчтык бербей жатышканын айтып милицияга кайрылышкан. Аталган дарек боюнча барганыбызда бизге эшикти кыздардай кийинип алган эркек адам ачты. Ал чыгып эле милиция кызматкерлерин сөгүп, кол салды. Кийин ызы-чуу салгандарды тынчтандырып жатканда дагы бир кызча кийинген бала келип, милиция кызматкерлери менен жаңжалдашып, аларды оозго алгыс сөздөр менен сөгө баштады. Мен камераны алып чыгып тарта баштасам, бири мени таш менен башка чаап, бири камерамды талкалап салды. Андан соң алар милиция кызматкерлерине жабылып кол салышты. Ызы-чуу салгандардын саны 7-8 болчу, 1 милиция кызматкерине экиден туура келип жатты", - дейт Карачач Шакирова.
Жыйынтыгында, журналист эле эмес тергөөчү кыздын да башына таш тийип жаракат алганын, милиция кызматкерлеринин кийимдери айрылып, көмөкчү топ келип анан гана аларды тынчтандырышканын айтты.
Андан сырткары ал учурда Бишкек шаарындагы №4-ооруканада алган жаракатынан улам дарыланып жатканын, аталган иш боюнча арыз жазганын кабарлады.