Бүгүн, 3-августта Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.
Анда Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин 2010-жылы орун басары болуп турган Азамат Мурзалиевди күбө катары көрсөтмө берүүгө чакыруу өтүнүчүн келтирди. Анын айтымында, Мурзалиев 2010-жылдын август айынан декабрь айына чейин Алмазбек Атамбаевдин дайындоосу менен аталган кызматта болуп, "Альфа-Телекомдун" ишине жоопкер болгон. Өмүрбек Текебаев: "Мени айыптап жаткандан кийин иш толук каралуусу үчүн жактоочуларым атын атап жаткан адамдар суралышы керек", - деп айтты.
Ал эми прокурор өтүнүчтү четке кагууну суранып, сот Текебаевдин жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Альфа Телеком” ишканасынын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Алмаз Абековду 25 жылга, аталган ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиевди 12 жылга, “Новострой Сервис” ишканасынын мурдагы төрагасы Кенжебек Аман уулун 8 жылга эркинен ажыраткан.