Журналистке жана тергөөчүгө кыздай кийинген балдардын кол салышы боюнча кылмыш иши козголду

Журналист Карачач Шакировага жана тергөөчүгө кызча кийинген балдардын кол салышканы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG`ге Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

"2-август күнү таңкы саат 5:30дар чамасында шаардагы батирлердин биринде өспүрүм балдар ызы-чуу салып жатышканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке Патрулдук милиция кызматкерлери барганда бир нече өспүрүм балдар милицияга кол көтөрүп, баш ийбей каршылык көрсөтүшкөн. Ошондой эле рейдге катышып жаткан журналист Карачач Шакировага да кол көтөрүшүп, колундагы камерасын талкалоого аракет кылышкан. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - дейт Адыл Оморов.

Андан сырткары аталган иш боюнча учурда 6 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайда кармалып турганын, аларга "бейбаштык" беренеси (234-берене) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2017-08-03 14:03:26
Калган "жыргал" жашоосун турмодо корушсун, акмактар.
0
Nanei
2017-08-03 14:16:13
Эмнеге кызча кийинип алышкан?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан