Бүгүн, 3-августта саат 11:30 чамасында Бишкек шаарынын Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Анда Чүй көчөсүндө жолдун жээгинде токтоп турган 4 унааны Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаа артынан келип сүзгөн. Азыркы тапта окуя болгон жерде Патрулдук милициянын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Кырсыктан улам жабыркагандар жок.
Жол кырсыгынын келип чыгышына себепчи болгон айдоочунун айтымында, күн чагылышып жолдун оң жагында токтоп турган унааларды көрбөй калган.