Жакында эле көпчүлүк күтүп көргөн америкалык “Так талашуу оюну” телесериалынын VII сезону жарыкка чыккан. Мындан улам андагы каармандардын бири Эмилия Кларк чет элдик басылмага сериалдын I сезонунан баштап тартуу иштери учурунда катталган кызыктуу окуялар менен бөлүшкөн. Мисалы, Дейенерис Таргариендин ролунда Эмилияга сериал тартылып бүткөнчө 28 жолу “аттын жүрөгүн” жегенге туура келген. Албетте, чыныгы эмес, жасалма жүрөк.
“Продюсерлер аттын жүрөгүнө окшош нерсени желатинден жасап беришкен. Сериал тартылып бүткөнчө аны 28 жолу жептирмин. Дагы жакшы жаныма чака алып келип беришкен, ошол эпизоддор тартылган сайын чакага кусуп жаттым”, - деген актриса.
Ошондой эле азыркыга чейин ал күндөрдү эстегенде көңүлү айланарын айткан.