Улуттук курама команданын оюнчусу Антон Землянухин Орусиянын "СКА Хабаровск" футболдук клубуна өтпөй калды

Улуттук курама команданын негизги оюнчуларынын бири Антон Землянухин медициналык текшерүүдөн өтпөй, Орусиянын "СКА Хабаровк" футболдук клубунда ойнобой калды. Бул тууралуу футболчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, "СКА Хабаровск" футболдук клубу менен Антон Землянухиндин ортосунда 1 жылдык келишим түзүлмөк. Бирок футболчу 2-август күнү Москва шаарындагы медициналык текшерүүдөн өтпөй калган соң клубдун жетекчилиги келишим түзүүгө макул болгон жок.

Маалымдай кетсек, 28 жаштагы Антон Землянухин буга чейин канттык "Абдыш-Ата", Казакстандын "Актөбө", "Кайрат" сыяктуу командаларында ойноп келген. Ошондой эле Сербия жана Таиланд чемпиондуктарында ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adjo_krsu
2017-08-04 22:26:58
СКАга барып калса жакшы болмок. Ал клуб ото жакшы болбосо да озунун жакшы оюну менен Ростов, Краснадарга же Зенитке кышкы трансферде отуп кетмек. Эн башкасы ден-соолук жана улуттук курамда ар оюнда, ар дайым 90+ мин. ойношун каалайм...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан