Каракол шаарында дайынсыз делип изделип жаткан банк кызматкеринин жүргөн жери такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-июль күнү Каракол ШИИБине 1950-жылы туулган Галина Ивченко арыз менен кайрылып, 1988-жылы туулган Екатерина Лященко аттуу кызы 27-июлда жумушка кеткен боюнча дайынсыз экенин айткан.
Тергөөнүн жүрүшүндө, Екатерина Лященко 27-июль күнү саат 12:45ке чейин иштегени жана ага чейин кардарлардын банктык картасынан адашып, 182 миң сом карыз болуп калганы боюнча түшүнүк кат жазганы белгилүү болгон. Бирок ал акчаны аз убакыттын ичинде ордун толтуруп, жумуштан бошотуу боюнча арыз жазган.
"Екатерина Лященко 28-июль күнү саат 14:22де Бишкек-Москва аба каттамы боюнча "Манас" аэропортунан каттоодон өткөн. Азыркы тапта Орусияда анын жүргөн жерин тактоо боюнча иштер жүрүүдө", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.
Айта кетсек, буга чейин Екатерина Лященконун ушул жылдын 27-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экени айтылып, изделип жаткан болчу. Ал Каракол шаарындагы банктардын биринде иштечү.