Ош облустук соту милиция кызматкеринин өлүмүнө шектелген Кадырбек Досоновду актады

Бүгүн, 3-августта Ош облустук соту милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелген Кадырбек Досоновдун ишин карады. Анда облустук сот Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Облустук соттун өкүмү дароо күчүнө киргендиктен Досонов Оштогу №5-СИЗОдон эркиндикке чыкты. Бирок ал башка кылмыш иши боюнча да айыпталып жаткандыктан үй камагында болот.

Буга чейин Кара-Суу райондук соту милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелген Женго каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун ишин карап, актаган.

Кадырбек Досонов Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (кылмыштуу топту уюштуруу), 30-241-беренеси (курал-жарак жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүү), 30-97-беренеси (уюшуп алып, кызматтык милдетин аткарып жаткан адамды мыкаачылык менен өлтүрүү) жана 30-340-беренеси (уюшуп алып укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү) менен айыпталып жаткан.

Айта кетсек, 2013-жылдын 11-январында Шоноевди белгисиз адамдар үйүнө келе жатканда атып кетишкен.

"Шоноевдин өлүмүнө катышкан" деген айып тагылып К.Сайдиев, А.Аскарбек уулу жана Т.Жапарбаев өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле У.Молдошев 20 жылга, ал эми С.Айтбай уулу, Н.Таджибаев жана Э.Эсенов 10 жылга кесилишкен.

Ал эми Кадырбек Досонов ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелип, 2015-жылдын 16-апрелинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jonne
2017-08-03 18:02:41
адам олтургон деген шектулорду актап. Олтурбогон барымтага алган деп жок эле далилсиз сотоп жиберсе болобу мындай нерсе эчкимге жакбайт урмату сод кандай басып журдун экен жер устундо !!!
+5
Beka9393
2017-08-03 18:29:36
Милицияга кол салгандарды омур бою эркинен ажыратыш керек.
+2
Syn4y
2017-08-03 19:08:42
Туура эле кылыптыр,ансыз деле 7 адам соттолгон турбайбы
+1
aiza16
2017-08-03 19:48:19
Женго деген партсьездик ушул турбайбы корсо.
0
monok2001
2017-08-05 20:34:04
aiza16,мен партсиездик Бобом,Досонов партсиездде окууган бирок Кенжекул айылынан болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан