Бокс боюнча Дүйнө чемпиону Владимир Кличко карьерасын жыйынтыктады

Бокс боюнча Дүйнө чемпиону, украиналык Владимир Кличко карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 41 жашка чыккан украиналык мушкер, 1996-жылы алгачкы жолу рингге чыккан. Ал жалпы 69 беттешке катышып 64 ирет жеңишке жеткен, алардын ичинен 54 беттеште атаандашын нокаутка учураткан.

Профессионалдык бокс чөйрөсүндө Владимир Кличко супер оор салмакта WBO (2000-2003, 2008-2015), IBF (2006-2015), IBO (2006-2015), WBA (2011-2015) версиялары боюнча жана The Ring (2009-2015) журналы боюнча Дүйнө чемпиону аталган.

Эске салсак, 2017-жылдын апрель айында Владимир Кличко британиялык мушкер Энтони Жошуа менен беттешип, жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ALMAAAN
2017-08-03 18:09:10
Жакшыле кылыптыр каарыдыда уже
+1
kayrat1985
2017-08-03 19:45:51
Кахол тезиреек эле чыгып кеттчи
-1
Abdivahap
2017-08-03 19:53:17
Туура чечим кылыптып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан