Франциянын "ПСЖ" футболдук клубу "Барселонанын" чабуулчусу Неймар менен толук кандуу келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Неймар жаңы командасы менен 5 жылдык келишим түзгөн. Неймардын мыйзамдуу өкүлдөрү келишимди мөөнөтүнөн мурда бузганы үчүн "Барселонага" 222 миллион евро төлөп беришкен. Муну менен Неймар футбол тарыхындагы эң кымбат оюнчуга айланды.
Буга чейин Англиянын "Манчестер Юнайтед" футбол клубу Поль Погбаны италиялык "Ювентустан" 105 миллион еврого сатып алган болчу.