Чүйдөгү жол кырсыгынан 12 адам жабыркап, өспүрүм бала каза болду

Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылында болгон жол кырсыгынан 12 адам жабыркап, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 8 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, 4 адам Москва райондук ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандардын арасында жаш өспүрүмдөр да бар.

Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаевдин айтымында, кырсык 2-август күнү эртең менен болгон. Анда Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа менен Лексус RX 330 үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, биринчи унаанын айдоочусунун 16 жаштагы баласы көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sameriko
2017-08-04 09:50:09
маакул машинаңыз бар ошол эле учурда жашообузда бар экенин унутпайлычы туугандай атасына сабыр баласынын жайы жаннатта болсун.
0
zhanarbek80
2017-08-04 10:42:08
Туз жолдун кереги жок окшойт бизге. Кун сайын бирден екиден жол кырсыгы.
+1
Taalai1997
2017-08-04 11:08:32
Ар бир айдоочу жол эрежесин сактаса , эч ким кырсыкка учурабайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан