Ысык-Көл облусунда акыркы эки айда 100дөн ашык жол кырсыгы катталып, 22 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Ысык-Көл ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Исраиловдун айтымында, 1-июндан 31-июлга чейин облус аймагында 111 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 14 кырсыкка көп.
"Жол кырсыктарынын келип чыгуусуна көп учурда жол кыймыл эрежелерин сактабоо жана унааны жогорку ылдамдыкта айдоо себеп болууда. Айрымдары күндүз көлдө болуп, түнкүсүн жолго чыкканда уктап кетип жатышат. Тилекке каршы, анын аягы аянычтуу окуя менен бүтүп жатат. Жол кырсыгына кабылган айдоочулардын көбү Ысык-Көлгө өлкөнүн ар кайсы аймагынан келгендер", - деп билдирди Азамат Исраилов.