Сокулук районунда 10 жаштагы бала каналга агып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган райондун Асылбаш айылында 2007-жылы туулган С.Н. каналда ойноп жатып, агып кеткен. Анын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Ал эми Аламүдүн районунда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 1983-жылы туулган Ч.Аны издөө иштери жүрүп жатат.