"Disney" компаниясы эми көрүүчүлөрдүн реакциясына көз салып тура алат

"Disney" компаниясы эми кинотеатрга келген көрүүчүлөрдүн тасма көрүп жаткан учурундагы таасирине көз салып турат. Адамдарга тасма кандай таасир берип жатканын анализдөө үчүн түзүлгөн бул ыкма буга чейин жүргүзүлүп келген изилдөөдөн алда канча так жана жөнөкөй экендиги аныкталды. Disney'дин изилдөөчүлөрү АКШнын кинотеатрларынын 150дөн ашык кинозалындагы 400 орунга адамдын жүзүнүн кыймылын аныктоочу камераларды орнотушкан.

Тасма көрсөтүлүп жаткан учурда атайын жабдык көрүүчүлөрдүн алган таасиринен улам жүзүнүн өзгөрүүсүн аныктап турган. Изилдөөчүлөр адамдардын реакциясы тасманын сюжетине дал келип жатканын аныктоону да максат кылышкан.

3179 адамдын тасмадан алган таасирин текшерүү менен бул технология эң мыкты натыйжа берген. Текшерүү "Баш катырма", "Зверополис", "Баатырлар шаары", "Жылдыздар беттеши: күчтүн козголушу" тасмалары учурунда жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан