Аксы районунда сел жүрүп, жолго жакын жайгашкан 4 дүкөнгө сел суулары кирген

Аксы районунда сел жүрүп, жолго жакын жайгашкан 4 дүкөнгө сел суулары кирген. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 3-август күнү саат 13:00 чамасында аталган райондун Жаңы-Жол айыл аймагында катуу жаан жаап, анын кесепетинен сел жүргөн.

"Сел суулары ички чарбалык жолдорду каптап, жолго жакын жайгашкан дүкөндөрдүн ичине сел суулары кирген. Турак үйлөргө зыян келтирген эмес", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан