Түркиянын Стамбул шаарындагы Халич өрөөнүндө Манас баатырдын эстелигин орнотуу иши аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, эстеликти айкелчилер Токталы Мурзакаримов, Садабек Ажиев, Сейитбек Калбаев жана алардын шакирттери 8 айда жасашкан. Ал эми Манастын келбетин иштеп чыгууда Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев, академик Абдылдажан Акматалиев, манасчылар Рыспай Исаков, Улан Исмаилов жардам берген.
"Айкелдин моделин иштеп чыгууга 7-8 ай, курууга 8 ай кетти. Ал 120 миң доллар (8 миллион 200 миң сомдой) акча каражатына тургузулду. Ар бир эл өз баалуулуктарын жайылтууга, таанытууга жана алардын сакталып калышына кам көрүшү керек. Эстеликти ушул максатта орноттук. Манас атабыздын айкелин орнотууда көмөктөшкөн досторума, Түркиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчилигине, Стамбулдун мэриясына, Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы консулдугуна, Анкарадагы элчилигине ыраазычылыгымды билдирем", - деди ал.