Чүйдө маршруттук каттам менен сүзүшкөн жеңил унаа оодарылып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй ОИИБинин басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, окуя 4-август күнү саат 17:30дар чамасында болгон.
"Жол кырсыгы Бишкек шаарынын сыртындагы айланма жолдо Алга айылынын жанында болгон. Кеминден келе жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү маршруттук каттам жолдон туура эмес бурулуп жаткан Тoyota Rav4 үлгүсүндөгү жеңил унааны сүзүп алган. Натыйжада жеңил унааны айдап бара жаткан аял менен күйөөсү жаракат алып ооруканага түштү. Андан сырткары Спринтерде бара жаткан бир кичине бала менен дагы бир адам жабыр тарткан", - дейт Тилек Исаев.