Кыргыз бийчилери Айдана Шатемирова жана Нуриза Кочкомбай кызы НТВ телеканалындагы "Ты супер! Танцы" эл аралык теледолбооруна катышат. Бул тууралуу окуучу кыздар социалдык тармактагы баракчалары аркылуу билдиришкен. Сынак ушул жылдын сентябрь айында башталат.
Орусиялык басылмалардын билдиргенине караганда, долбоордун тандоо турунда 13 мамлекет - Латвия, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Абхазия, Беларусь, Азербайжан, Орусия, Армения, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүнөн келген бийчилер катышкан. Алардын көбү балдар үйлөрүндө, мектеп-интернаттарда тарбияланып жаткан балдар. Сынакта жалпысынан КМШ өлкөлөрүнөн келген 145 бийчи өнөрлөрүн тартуулашат.
Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында 12 жаштагы ырчы Урмат Мырсаканов аталган долбоорго катышкан.