Футбол боюнча Кыргыз курамасы Өзбекстандын футболчулары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Александр Крестинин жетектеген футболчулар Өзбекстандын курамасы менен 25-август күнү Ташкент шаарында жолдоштук беттеш өткөрөт. Бирок аталган оюндун жыйынтыгы ФИФА тарабынан катталып, командалардын рейтингине таасир эте албайт. Анткени беттеш ФИФА белгилеген мөөнөттөн тышкары өз ара чечим менен өткөрүлүп жатат.
Ошондой эле маалыматта, аталган беттешке улуттук курамдын катарында жалаң Топ Лигада ойногон футболчулар гана бара турганы, анын негизинде Азия кубогунун тандоо турунун алкагында өтө турган Мьянма менен боло турган беттешке оюнчулар тандалары айтылат.