Түркиянын түндүгүндөгү Амасья провинциясында бүгүн, 5-августта Стамбулдан Самсун шаарына багыт алган автобус жол кырсыгына кабылды. Кырсыктан 36 адам ооруканага түшүп, 6 адамдын каза болгонун чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Учурда жол кырсыгынын себептери иликтенип жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, жүргүнчүлөр менен бараткан автобус жолдон чыгып оодарылып кеткен. Азырынча жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары бар же жок экени айтыла элек.