Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Акжол Махмудов финалга чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты маалымдайт.
Кыргыз спортчу Акжол Махмудов 74 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп жарым финалда түркиялык балбан Али Осман менен кез келип, 7 упай топтоп жеңишке жеткен. Эми Акжол Махмудов финалда америкалык Камал Амир менен беттешет.
Маалымдай кетсек, Акжол Махмудов кадеттер арасында Дүйнө чемпиону жана жаштар арасында 3 ирет Азия чемпиондугун жеңген.