Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны күмүш медаль тагынды

Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Акжол Махмудов күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты маалымдайт.

Дүйнө чемпиондугунун 74 килограммга чейинки салмак чениндеги финалдык беттеште Кыргыз балбаны Акжол Махмудов америкалык Камал Амир Баиге кез келген. Анда эки спортчу тең мыкты техника көргөзүп, мелдештин эң кызыктуу беттештердин катарына кирди. Америкалык балбан жалпы 16 упай топтоп Акжол Махмудовдун үстүнөн жеңишке жетти. Жыйынтыгында Амир Баи алтын медалын жеңсе, Акжол Махмудов күмүш медалга ээ болду. Буга чейин ал түркиялык Али Осман менен беттешкен.

Эске салсак, аталган мелдеште 72 килограммга чейинки кыз-келиндер арасындагы беттеште Айпери Медет кызы алтын жеңип, Дүйнө чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nurbek11
2017-08-06 00:05:02
азаматсын иним бирок ушул Акшлык спортчуну женип койсон абдан жакшы болот эле да аттин.
+6
Patriot...kg
2017-08-06 00:05:22
Эх Алтынды да ала кетсен болмок. Бирок азамат кумуш да жаман эмес. Эркексин доске
+8
juma82
2017-08-06 00:52:22
азаматсын кийинкиси буюрса алтын болот биз сага ишенебиз
+2
arap00
2017-08-06 00:55:05
АЛЛАХ колдосун келечегин алдыда.
+5
medik.osh
2017-08-06 01:08:36
азаматсын!!! жаракат алганына карабай аягына чейин курошту. Патриот
+8
kyrgyz.93
2017-08-06 02:57:05
Алтынды алат болчу кабыргасын оорутуп алган окшойт ичин кармап олтуруп калды биринчи айланпада
+4
Talantbargy
2017-08-06 07:49:02
Кумушко жетиш да коп кучту,коп эмгекти талап кылат а сен мыктытылыгынды корсоттун,жарайсын.
+3
grace
2017-08-06 07:53:14
Азамат, Акжол! Сенин жеңиштериң Али алдыда! Кудай буюрса келечекте олимпиада оюндарынын чемпиону болосуң!
+2
Talgat89
2017-08-06 11:43:38
Токио-2020да алтын медалдын ээси бол
0
chubak0494
2017-08-06 12:07:26
Токио чемпиону буйруса
0
bakulya2015
2017-08-06 17:57:27
Кут болсун женишиниз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан