Франциядагы Эйфель мунарасынын этегинде бычак менен куралданган киши полициялык көзөмөлдөн өтүп кетүү аракетин көргөн. Ал ошол замат кармалып, камакка алынган. Кылмышкердин аракетинин себептери белгисиз. Чет өлкөлүк басылмалардын маалыматына караганда, окуя 5-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:30 чамасында орун алган.
"Бул окуядан кийин мунаранын келүүчүлөрү сыртка чыгарылган. Полиция кызматкерлери жана сапёрлор Эйфель мунарасынын бардык кабаттарын текшерип чыгып, шектүү заттарды тапкан эмес", - деп жазышат басылмалар.
Маалымдай кетсек, 2016-жылдан баштап Эйфель мунарасына тыкан текшерүүдөн кийин гана кирүүгө болот.