Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбандар финалга чыгышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Жоламан Шаршенбеков 55 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп венгриялык (8:0 эсебинде), италиялык (8:0), орусиялык (13:1) жана армениялык (12:2) атаандаштарын жеңип, финалдык баскычка өттү. Финалда Жоламан Шаршенбеков түркиялык Керем Камаль менен күрөшөт.
120 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз балбан Роман Ким казакстандык (7:1 эсебинде), финляндиялык (6:0) жана польшалык (10:2) атаандаштарын жеңип финалга чыкты. Финалда Ким грузиялык Зваиди Патаридзе менен беттешет.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.