Улуттук курама команданын капитаны Азамат Байматов Омандын жогорку лигасында ойнойт

Улуттук курама команданын капитаны Азамат Байматов жаңы сезондо Омандык "Сохар" командасында ойнойт. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, "Сохар" футболдук клубу Омандын жогорку лигасына катышат. Азамат Байматов жаңы командада 36-номерде ойнойт.

Эске салсак, буга чейин Азамат Байматов Бахрейн чемпиондугундагы "Аль-Риффа" футболдук клубунда ойноп, чемпиондуктун күмүш медалдарын тагынган. Ал 2016-2017-сезондо "Аль-Риффа" менен 23 оюнга катышып 2 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан