Филиппиндин Пуэрто-Принсеса шаарында 1-7-август аралыгында өтүп жаткан жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз мушкери Умар Кубанычбек уулу финалга чыкты. Бул тууралуу мелдештин сайты маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Кыргыз спортчусу Умар Кубанычбек уулу 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттеште БАЭ өлкөсүнүн мушкери Амер Алсувайдерди жеңип жарым финалга өткөн. Жарым финалда Кыргыз спортчу таиланддык спортчу Вирапон Жонжойого туш келген. Анда 4:1 эсебинде калыстардын чечими менен мекендешибиз жеңишке жетип финалдык баскычка өттү. Эми Умар Кубанычбек уулу финалда өзбекстандык Нурислом Исмоилов менен беттешет.