Жылдыздардын дем алыш күндөрү кандай өттү: 5-6-август

5-август күнү ырчы Асел Кадырбекова казак ырчысы Куандык Рахым менен бирге койгон концертин ийгиликтүү өткөрүп алганын айтып, колдоп келген күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

Ырчылар Мирбек Атабеков менен Нурлан Насип ордолуу Ош шаарына барып келишти.

Ошондой эле "тамашоучу", алып баруучу Самат Эркинбеков да жубайы менен Ысык-Көлгө барып, эс алып келди.

Жийдеш Идирисова имиджин өзгөртүүнү каалап, чачын башка түскө боёду.

Ырчылар Анжелика Бекболиева менен Назгүл Токтакунова апаларын туулган күндөрү менен куттуктап, жылуу сөздөрүн арнашты.

Анжелика Бекболиева апасы менен

Назгүл Токтакунова апасы менен

Ырчы жана "Кыз-бурак" тобунун аткаруучу директору Сайкал Садыбакасова дем алыш күнү келбетине кам көрдү.

Ырчы Юлия Руцкая Румынияда өткөн жаш таланттар сынагында калыстык кылуу үчүн, аталган өлкөгө барып келди.

Спортчу Айсулуу Тыныбекова жаштар арасындагы күрөш боюнча өткөн Дүйнө чемпиондугунда ийгиликке жетишкен спортчу кыздарды тосуп алды.

Жаш ырчы Кудайберди Айтбосунов социалдык тармактагы баракчасына ат чаптырып ойноп, эс алган сүрөттөрүн жарыялады.


Актриса Элина Абай кызы жаратылыш коюнунда эс алып, дем алыш күнүн жыйынтыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
adimyrza
2017-08-07 12:27:02
Дагы эле Анжелика(((
+9
Aidan88
2017-08-07 13:50:48
Aisuluu Elina super
+1
admin_superstan
2017-08-07 14:17:33
010288, almanbetperm, Nanei, Atas, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
dinar-87
2017-08-07 15:13:46
Мен уйдо кечке уктап эс алдым адатынча:)
+3
AKCAHAT
2017-08-07 15:35:43
Айсулуунун койнок мындай койнок кийгенин 1 жолу кордум, сонун жарашыптыр. Буттары да жакшынакай экен. Азаматсын балбан кыз биздин сыймыгыбыз.
+4
aszyma
2017-08-07 18:59:13
Асел Кадырбекованын концерти жөнүндө маалымат чыгарбадынарго Супер.KG. же концертке барбадынарбы?
0
Englishman
2017-08-08 11:13:26
aszyma, барган эмес окшойт, барса чыгарышат эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан