Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда волейбол боюнча өлкө чемпиондугунун Улуттук Лигасынын финалдык оюндары өтүп жатат. Бүгүн, 21-майда “Динамо” командасы “Улар” командасын 3:1 эсебинде жеңди. Анда “Динамо” командасынын оюнчусу 19 упай топтоп, бүгүнкү күндөгү мелдештин “Эң мыкты оюнчусу” аталды. Ал эми эртең, 22-майда “Жаңы Муун” – “Улар”, “Салам-Алик” – “ИИМ+К” жана “Динамо” – “Ош Бажы-Карасуу” командалары беттешмекчи.