Аламүдүн районунда кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири каза болду

Аламүдүн районунда кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 6-июлда Кара-Жыгач айылында болгон. Анда 378-каттамдагы кичи автобус менен BMW үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми кичи автобустун ичинде 13 жүргүнчү болгон. Алардын баары жабыркап, Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.

Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2017-08-07 23:25:25
Женил унаанын айдоочусу каза болуптур, 22 жашта экен байкуш бала!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан