Филиппиндин Пуэрто-Принсеса шаарында 1-7-август аралыгында өтүп жаткан жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз мушкери Умар Кубанычбек уулу күмүш медаль тагынды.
Маалыматка ылайык, Кыргыз спортчусу Умар Кубанычбек уулу 63 килограммга чейинки салмак ченинде финалда өзбекстандык Нурислом Исмоилов менен беттешкен. Анда 3 раунддук беттештин жыйынтыгында, 4:1 эсеби менен калыстар тобу жеңишти өзбекстандык мушкерге берди. Өзбекстандык спортчу алтын медалга ээ болсо, Кыргыз мушкери Умар Кубанычбек уулу күмүш медалга ээ болду.
Маалымдай кетсек, Умар Кубанычбек уулу алгачкы беттеште БАЭ өлкөсүнүн мушкери Амер Алсувайдерди жеңген, жарым финалда Кыргыз спортчу таиланддык спортчу Вирапон Жонжойонун үстүнөн жеңишке жеткен.