Америкалык актриса Эмбер Хёрд менен миллиардер, “Tesla жана SpaceX” корпорациясынын негиздөөчүсү Илон Маск эки ажырым жолго түшүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, түгөйлөрдүн эки башка жолго түшүүсүнө миллиардердин Эмберден көңүлү калганы себеп болгон. Анткени соңку кездерде актриса Илонго олуттуу мамиле кылбай калган. Алар мындан бир жума мурун таарынышып кетишкени менен, коомчулукка эми гана белгилүү болгон. Түгөйлөрдүн жакындарынын бири бул тууралуу кыскача маалымат берген. Анда “актриса Илондун мурунку жубайынан төрөлгөн балдары менен таанышып, жакында ага турмушка чыгуу алдында турган”, - деген ал.
Айрымдардын айтуусунда экөөнүн таарынычына актриса социалдык тармакка жүктөгөн сүрөт себеп болгон. Анда фотосессия учурунда актрисанын жанында турган стилист Жонни Вуджендин ийининде кызыл ооз боёгучтун изи менен ооздун сүрөтү тартылып турган. Бирок социалдык түйүндүн колдонуучулары бул сүрөттү актриса жөн гана элдин көңүлүн бурдуруу үчүн киргизгенин айтышууда. Себеби “көптөр стилисттин салттык эмес ориентацияда экенин билишет” деп жазышкан алар.
Түгөйлөр бул маалымат тууралуу расмий билдирүү таратыша элек. Азыркы учурда Илон Маск Лос-Анжелесте болсо, актриса Австралияда жүргөнү айтылууда.
Белгилей кетсек, Эмбер Хёрд буга чейин Жонни Депп менен үй-бүлө куруп, жолдошунун көп кол көтөргөндүгүнө байланыштуу ажырашып кетишкен.