ЖЫЛНААМА, 7-АВГУСТ: Өзүн орусмун деп ойлоп жүргөн америкалык актёр Дэвид Духовны 57 жашка толду

“Чаплин”, “Жашыруун материалдар” тасмалары аркылуу таанымал болгон америкалык актёр, продюсер жана сценарий жазуучу Дэвид Духовны бүгүн, 7-августта 57 жашка толду.

Актёр 1960-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында туулган. Буга чейин ал канында орус улутунан да бар экенин айтып келген. Бирок 2014-жылы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына “мен ушул убакка чейин өзүмдү орусмун деп ойлоп жүргөм, бирок эми гана украиналык экенимди түшүндүм. Эч нерсе эмес, өзгөрүүнүн эрте-кечи жок”, - деп жазган.

Дэвид Духовны сымбаттуу жигит болгондуктан жарнамалык роликтерге көп тартылып, анын артынан Голливуддун тасмаларына тартылуу сунуштарын ала баштаган. Алгач дүйнөгө белгилүү “Бетховен” тасмасында эпизоддук роль аткарган. Андан соң бир канча фильмдерде баш каармандын образын чагылдырып, кийин “Бузуку Калифорния” комедиялык телесериалына тартылган. Сериалда Хэнк Муди аттуу каармандын образын чагылдырып, ал ролу үчүн “Сериалдын мыкты актёру” наамы менен “Алтын глобус” сыйлыгына татыган.

Актёр 1997-жылы Теа Леони аттуу актрисага үйлөнгөн. Алар бир кыз, бир уулдуу болгон соң эки ажырым жолго түшүшкөн. Мунун себебин көп адамдар актёр жыныстык катнашты көп талап кылгандыгынан экенин айтышкан. Бирок арадан көп өтпөй жарашкан түгөйлөр 2014-жылы экинчи жолу, расмий түрдө ажырашып кетишкен.

7-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан