Олимпиаданын 8 жолку чемпиону Усэйн Болт жалгыз чуркоо жарышы боюнча карьерасын жыйынтыктады

Ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт жалгыз чуркоо жарышы боюнча карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

30 жаштагы ямайкалык спортчу Усэйн Болттун Лондондо өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда 100 метр аралыктагы жарышы акыркысы болду. Анда Усэйн Болт америкалык жөө күлүктөр Жастин Гэтлин менен Кристиан Коулмэнге жеңилип калган.

Жастин Гэтлин финалдык жарышта дүйнөдөгү эң мыкты жөө күлүк Усэйн Болттон озуп кеткен соң, чөгөлөп баш ийди.

Айта кетсек, Усэйн Болт 12-август күнү Лондондо өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунун 4х100 эстафетасынын финалында акыркы жолу жарышат.

Ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт Олимпиаданын 8 жолку чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунда 11 жолу чемпион аталган. Жалпы эсеп менен Усэйн Болт 8 жолу рекорд койгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ALMAAAN
2017-08-07 17:25:31
12чи Август эми болотко
0
AKCAHAT
2017-08-07 17:45:39
Зордон зор чыгат, баардык нерсенин акыры болот. Убагында таштап жакшы кылды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан