Бишкектеги Ботаникалык бакта дагы бир өрт чыкты

Бүгүн, 7-августта Бишкектеги ботаникалык бакта өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт тууралуу маалымат саат 15:30 чамасында келип түшкөн.

"Өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүүчү унаа барып, саат 16:49да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 1 гектар куураган чөп күйгөн. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.

Ботаникалык бакта иштеген кызматкерлердин айтымында, бүгүнкү өрттү кимдир бирөө атайын кылган болушу мүмкүн. Себеби өрт бир эле учурда үч жерде тутанган.

Айта кетсек, 2-август күнү да ботаникалык бакта өрт чыгып, анын кесепетинен 6 гектар куураган чөп күйүп кеткен. Анда өрттүн келип чыгуусуна алдын ала божомол боюнча тургундардын от менен болгон этиятсыздыгы себеп болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-07 17:20:40
Ким бирөөгө жер керек болдубу дейм..
0
zhanarbek80
2017-08-07 19:14:30
Иштете албаса бериш керек чобун кууратпай.Ботаникалык бак ушундай болсо калгандары кандай болот.
-1
Syn4y
2017-08-07 20:34:36
Кытайлар кылып атат да лаборатория курабыз деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан