Кыздар арасындагы футбол боюнча өлкө чемпиондугун "СДЮШОРЧО-ФЦ" командасы жеңип алды

Кант шаарында 1-7-август аралыгында өткөн футбол боюнча кыздар арасындагы өлкө чемпиондугун "СДЮШОРЧО-ФЦ" командасы жеңип алды. Бул тууралуу футбол федерациясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, өлкө чемпиондугунун финалында "СДЮШОРЧО-ФЦ" менен "Абдыш-Ата" командасы кездешкен. Беттештин жыйынтыгында "СДЮШОРЧО-ФЦ" командасынын футболчулары 4 гол киргизсе, "Абдыш-Атанын" футболчулары 1 гол менен жооп кайтарган.

"Каракол" командасы Ош шаарынын курама командасын пенальтилер сериясында 4:2 эсебинде жеңип 3-орунду ээледи.

Айта кетсек, мелдешке өлкө аймактарынан 12 команда катышып 2 тайпага бөлүнгөн. Алар "СДЮШОРЧО-ФЦ", Жалал-Абад облусу, Ош шаары, Чүй облусу, Ысык-Көл облусу, Нарын облусу, "Абдыш-Ата" Кант шаары, Каракол шаары, Ош облусу, Талас облусу, "ФЦ-СДЮШОРЧО", Баткен облусунун командалары болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
-LEGENDA-
2017-08-07 17:46:26
Супер.инфо, ФЦ-СДЮШОРЧО дегени эмне деген экен? Жана кайсыл облустун командасы экен? Толугураак маалымат жаза кетсеңер кайсыл команда кайдан келгендеринен бери?.
+3
arap00
2017-08-07 18:34:23
Ой бай фанаттар эмне деп кыйкырышат экен команданын)))
0
daniyar93
2017-08-08 22:01:57
Манас барыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан