Орусиялык ишкер жана миллиардер Роман Абрамович менен жубайы Даша Жукова 10 жыл бирге түтүн булатканына карабастан эки ажырым жолго түшүштү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда. Маалыматка ылайык бул кабарды ишкер өзү билдирген.
"Бизге бул чечимди кабыл алуу оор болду. Ошентсе да Даша экөөбүз жакшы дос жана 2 баланын татыктуу ата-энелери болуп кала беребиз" деген Абрамович.
Белгилей кетсек, түгөйлөрдүн ажырашып кеткени тууралуу сөздөр ушул жылдын февраль айынан тарта айтылып келген. Себеби ошол убакта Даша Жукованын Вито Шнабел аттуу эски досу менен кучакташып түшкөн сүрөтү интернет айдыңына тарап кеткен. Бирок жолдошу аны бат эле жокко чыгарып, сүрөт кимдир бирөөлөр тарабынан жасалганын айткан.