Дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо департаментиндеги коррупциялык көрүнүштөр боюнча айыпталган департаменттин мурунку директору Рустам Курмановго козголгон кылмыш иши Октябрь райондук сотунда каралып, сот өкүм чыгарды.
"Курмановдун күнөөлүү экендиги аныкталган жок. Сот келтирилген далилдер айыпталуучуну күнөөлүү дегенге жетишсиз деп эсептейт. Далилдер текшерилип айыпталуучунун күнөөсү жок экенин көрсөттү. Рустам Курмановдун иш аракетинде кылмыштын жоктугуна байланыштуу ал күнөөсүз деп табылып, акталат", - деп айтылат соттун чечиминде.
Курмановго карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголгон эле. Ал 2013-жылдан 2014-жылга чейин ал “Дары-дармектер тууралуу мыйзамды” бузуп, жеңилдетилген схема менен 39 дарыны каттоого киргизген жана мамлекетке 945 474 сом зыян келтирген деп айыпталган.