Филиппиндин Пуэрто-Принсеса шаарында 1-7-август аралыгында өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз мушкерлери 5 медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеште Кыргыз спортчулары 1 күмүш жана 4 коло медаль жеңип алышты. Умар Кубанычбек уулу 63 килограммга чейинки салмак ченинде катышып финалга чейин жеткен. Анда өзбекстандык Нурислом Исмоиловго туш келип, 3 раунддук беттештин жыйынтыгында 4:1 эсеби менен Кыргыз спортчусу жеңилип калган. Жыйынтыгында Умар Кубанычбек уулу күмүш медалга ээ болду.
Медаль жеңген Кыргыз мушкерлердин тизмеси:
63 килограммга чейинки салмак ченинде: 2-орун - Умар Кубанычбек уулу;
50 килограммга чейинки салмак ченинде: 3-орун - Муктарбек Ибраимов;
57 килограммга чейинки салмак ченинде: 3-орун - Айдар Ороскулов;
66 килограммга чейинки салмак ченинде: 3-орун - Дастан Оңолбеков;
80 килограммдан жогору салмак ченинде: 3-орун - Ахмад Усупов.